Мазмунга өтүү

Объект (программалоо)

Википедия дан

Объект (англ. object) — 1) Термин объектке багыталган программалоо тилдеринде колдонулат. Объект деп көз каранды эмес программанын модулу катары каралып берилиштерди (берилиш-мүчө) жана аларды иштетүүчү усулдары (функция–мүчө) камтыйт. Берилиш менен усулдарды бирдикте көрсөткөн модулдун касиети инкапсулдоо (жашыруу) деген ат менен белгилүү. Объекттер башка объекттердин берилиштерин жана усулдарын белгилүү эреже боюнча колдоно алат. Объекттер классы деп аталган топко бир типтүү объекттер биригишет. Класстар мурастоо механизмин колдогон класстар базалык жана туунду иерархиясын түзүшөт. 2) Кошумчалоо жана байланыштыруунун объектте багытталган технологияларда (OLE технологиясы) шилтемени кыстаруу, кошума кыстаруу же объектти кыстаруу буйруктары менен башка документке которулган документ же документ бөлүгү.